Радио

Кудаяров: өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулук кыскарып жатат

Бишкек ШИИББинин кылмыштарды жана укук бузууларды алдын алуу бөлүмүнүн башчысы Марат Кудаяров өспүрүмдөр арасында катталган кылмыштардын саны жыл сайын кыскарып жаткандыгын маалымдады.
Sputnik
Кудаяров: өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулук кыскарып жатат

Жашы жете элек балдар арасындагы кылмыштуулукту алдын алуу боюнча Бишкек ШИИББи тарабынан бир катар иш-чаралар жүргүзүлүп, оң натыйжасын бере баштады. Бул тууралуу Марат Кудаяров Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, Бишкек шаарында жайгашкан бардык орто билим берүү мекемелери өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын көзөмөлүндө.

"Жазык кодексинин 170-беренеси, опузалоо фактысы боюнча былтыр 39, быйыл 17 иш козголгон. Балдар кылмыш китебине жазылып, өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясында каттоого алынат. Биз бардык тийиштүү мамлекеттик органдар менен кылмыштуулукту алдын алуу боюнча иш-чараларды алып барабыз. Бишкек шаарында жүз мектеп болсо, анын ар биринде биздин инспекторлор Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлери менен бирге таңкы саат 07:30дан баштап нөөмөткө чыгышат. Бул да өзүнүн жакшы натыйжасын берип жатат", — деди Кудаяров

Ал ошондой эле кылмыштын оор түрүнө жараша өспүрүмдөр 14 жаштан баштап кылмыш жоопкерчилигине тартыла тургандыгын кошумчалады.