Мигранттардын пенсиясы боюнча ЕАЭБде мамлекеттер аралык келишим иштелип жатат

Мигранттар Кыргызстанга айлыгынын 70 пайызын которот.
Sputnik

БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Кыргызстандык эмгек мигранттар тапкан маянасынын 70 пайызын мекенине жөнөтөт. Бул тууралуу Социалдык фонддун төрагасынын орун басары Уланбек Асанов билдирди.

Ал ошондой эле мигранттар пенсия курагына чыкканда кандай көйгөйлөр жараларын айтып берди.

"Кыргызстандыктар мекенин жаш кезинде таштап кетип, кайра кайтканда эмгек стажын топтоого жетишпей калып жатат. Учурда аларга пенсия төлөөгө акыбыз жок", — деди Асанов.

Адис: кара жумушта иштеген кыргызстандык мигранттардын саны азайды
Анын айтымында, маселени чечүү үчүн учурда ЕАЭБде мамлекеттер аралык келишим иштелип жатат.

"Кыргызстан бул келишимдин кабыл алынышына кызыкдар. Ошондо бардык пенсиялык жана камсыздандыруу төлөмдөрү мамлекеттер ортосунда которулуп турат", — деди ал.

Асанов мындай пикирин "Евразиялыктар — жаңы толкун" фонду тарабынан уюштурулган "Кыргызстандык эмгек мигранттарга пенсияны ким төлөйт?" аттуу талкуу учурунда билдирди.