Билим алуудан баш тарткан балдардын ата-энелери менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, айрым өспүрүмдөрдүн мектепке барбагандыгынын жүйөлүү себептери дагы бар болуп чыкты. Бул тууралуу Гүлшан Абдылдаева Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, белгисиз себептерден улам мектепке барбай жүргөн балдардын чөйрөсү өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун жаралышына өбөлгө түзүүдө.
"Жыл сайын январь, май, август айларында мектеп жашындагы балдарды каттоого алабыз. Август айынын жыйынтыгы боюнча 2177 мектеп жашындагы бала окууга барбай жүргөндүгү аныкталган. Анын ичинен 1500 өспүрүм милдеттүү түрдө билим алууга тартылды. Алар окубай иштеп жүргөн же медресе, диний уюмдарда убактысын өткөргөн балдар экен. Калгандары жүйөлүү себептерден улам барбай жүргөн. Ал эми ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга үйдөн билим алууга шарт түзүлдү", — деди Абдылдаева.
Андан сырткары, ал балдардын билим ала албай калган абалына өлкөдөгү ички жана тышкы миграция дагы чоң таасир берип жаткандыгын кошумчалады.