"Түнкү кырсык" тасмасы "Алтын глобустун" узун тизмесине кирди

Иш-чара 2019-жылдын 6-январында өтөт.
Sputnik

БИШКЕК, 26-ноя. — Sputnik. Режиссер Темир Бирназаровдун "Түнкү кырсык" тасмасы АКШнын "Алтын глобус" сыйлыгы үчүн ат салыша турган фильмдердин узун тизмесине кирди. Бул тууралуу Кинематографияны колдоо фондусунан билдиришти.

Кыргызстандык кинокартина "Чет тилдеги мыкты тасма" номинациясы боюнча катышат.

"Алтын глобус" — Голливуддагы чет элдик прессанын ассоциациясы тарабынан берилчү сыйлык. Жеңүүчүлөр 2019-жылдын 6-январында белгилүү болот.

Актер Абдыкалыков Казакстандагы фестивалда эркектин мыкты ролу үчүн сыйланды
Ал эми сыйлыктын кыска тизмеси үстүбүздөгү жылдын 8-декабрында ачыкталмакчы.

"Түнкү кырсык" тасмасы "Кыргызфильм" киностудиясынын бекитилген чыгармачыл-өндүрүштүк программасына ылайык, 100 пайыз мамлекеттик каржылоо аркасында студиянын техникалык базасын пайдалануу менен тартылган. Фильмди тартууга 10 ай кеткен. 90 мүнөткө созулган тасмага алты миллион сом сарпталган.

Буга чейин тасмада башкы каармандын ролун жараткан Акылбек Абдыкалыков фильм жана өзү тууралуу кенен айтып берген.