БИШКЕК, 26-ноя. — Sputnik. Тоң райондук аймактык ооруканасына 24-ноябрда саат 23:45тер чамасында төшү, ичи, алаасы күйгөн 14 жаштагы өспүрүм келип түшкөн. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, баланын шымынын чөнтөгүндөгү телефон жарылып кеткен. Маалыматта анын 1-2-даражадагы (30 пайыз) күйүк алганы айтылат.
Тоң райондук ооруканасынын директорунун айтымында, бейтаптан абалы азыр оор, керектүү дарылоону алып жатат.