Жумушчулардын социалдык төлөмдөрүн кыскартып, жеке ишкерлер үчүн салыктын өлчөмүн азайтуу керек деген адамдардын айтканы түшүнүксүз. Бул тууралуу Айылчы Сарыбаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып айтты.
Анын айтымында, көп учурда элдин өлкө алдында, социалдык төлөмдөр боюнча милдеттемелерин билбей туруп мамлекеттен эле талап кыла берген учуру арбын.
"Пенсиям аз, пособие тийген жок деген эле киши. Бирөө дагы өмүрүндө иштеген-иштебегенин, социалдык төлөм төлөгөн-төлөбөгөнүн эсепке албайт. Эсептөө жолу, өлчөмү кандай аныкталып жатканы менен эч кимдин иши жок. Баары эле ишкерлерди салыктан бошотолу же салыгын азайталы дейт. Эми андай салык, төлөмдөрдү азайтып же алып салса, анда мамлекет бюджеттик мекемедеги кызматкерлердин айлыгын кантип берет, ошол эле пенсияларды кайсы каражаттан бөлөт? Аны ойлогон жан жок, баары эле мамлекет кылышы керек деп турушат", — деди Сарыбаев.
Ошондой эле ал өкмөт курамынын тез-тезден алмашып турушу дагы өлкөнүн социалдык, экономикалык тармагына терс таасирин тийгизе тургандыгын кошумчалады.