БУУнун Коопсуздук кеңеши Керч кысыгындагы абалды талкуулабай калды

Жекшемби күнү Украинанын аба деңиз күчтөрүнүн кемеси Россиянын аймагына мыйзамсыз кирип кеткен.
Sputnik

БИШКЕК, 26-ноя. — Sputnik. БУУнун Коопсуздук кеңеши Керч кыcыгындагы абал боюнча Россиянын сунуштаган маселесин караган жок. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги билдирди. 

"Күн тартибин бекитүүгө жети мүчө каршы добуш берди, макул деп төртөө добуш берсе, дагы төртөө добуш берген эмес", — деп Кытайдын өкүлү билдирди. БУУнун Коопсуздук кеңешине ноябрь айында Кытай төрагалык кылууда. 

Буга чейин Россия күн тартибинин "Эл аралык тынчтык жана коопсуздукту колдоо" пункту боюнча тез арада ачык жыйын өткөрүүнү сунуштаган.

Добуш берүү алдында АКШнын БУУдагы өкүлү Никки Хейли маселени күн тартибине киргизбөө боюнча үгүттөө жүргүзгөн. 

Москва: Вышинскийдин тилектештери Украина элчилигине барып акция өткөрүштү
Ал ошондой эле АКШнын көз карашын Нидерланддар, Польша, Швеция жана Улуу Британия колдой турганын айткан. Андан сырткары, АКШ менен союздаштары Россия тарабынан жасалган провокацияны жагдайга жараша кароого даяр экенин билдирген.

Жекшемби күнү Украинанын аба деңиз күчтөрүнүн кемеси Россиянын аймагына мыйзамсыз кирип кеткен. Кемелер убактылуу жабылган аймакка кирип келип, коопсуздукка шек келтире турган аракеттерди жасап, Россиянын кемелери берген эскертүүлөргө көңүл бурушкан эмес. Бардык кемелер Россиянын чек арасынан 20 чакырым алыстыкта жана Керч кыcыгынан 50 чакырым алыстыкта Крым көпүрөсүнүн алдынан кармалган. Окуя учурунда Украинанын үч аскери жаракат алып, аларга медициналык жардам көрсөтүлгөн.

Россия мамлекеттик чек аранын бузулганы үчүн кылмыш ишин козгоп, БУУнун Коопсуздук кеңешин чукул жыйынга чогулууну сураган болчу.