Катышып, утуп ал! Бишкек мэриясы жаңы жылдык мыкты жасалгага сынак жарыялады

Сынакта жети номинация болуп, эң мыктылар 100 миң сомго чейин байге алышат.
Sputnik

БИШКЕК, 26-ноя. — Sputnik. Бишкек мэриясы шаардыктар арасында жаңы жылга карата жасалгаланган эң кооз район, конуш жана имарат боюнча сынак жарыялады.

Муниципалитет уюштурган бул сынак 1-декабрдан тарта 31-декабрга чейин уланат. Ага катышууну каалагандар өзү жашаган райондун администрациясына арыз менен кайрылышы зарыл.

Номинациялар:

— Мыкты кооздолгон район. Биринчи орунга — 50 миң, экинчиге — 40 миң, үчүнчүгө — 30 миң сомдон сыйлык каралган;

— Мыкты кооздолгон жаңы конуш. Жергиликтүү аймактык башкармалыктары тарабынан 30 миң сомдук төрт сыйлык каралган;

— Мыкты кооздолгон короо. Жергиликтүү аймактык башкармалык тарабынан 20 миң сомдук төрт сыйлык берилет.

— Министрлик жана административдик ведомстволордун мыкты кооздолгон аймагы. Биринчи орунга — 50 миң, экинчиге — 40 миң, үчүнчүгө — 30 миң сомдон сыйлык каралган;

— Соода борборлорунун мыкты кооздолгон фасады. Биринчи орунду алгандар— 100 миң, экинчи — 70 миң, үчүнчү — 50 миң сомго ээ болот;

— Соода-сатык, кызмат көрсөтүү жана кеңселердин мыкты кооздолгон фасады. Биринчи орун — 70 миң, экинчи — 50 миң, үчүнчү — 30 миң сом менен сыйланат.

Ошондой эле 1-2 мүнөткө созулган жеке жана жамааттык видео куттуктоо жана "Жаңы жылың менен, сүйүктүү шаарым!" темасында селфилерге сынак жарыяланат.