Апта ирмеми: кышында сууга түшкөндөрдөн тарта капустадагы балдарга чейин

Sputnik

Ак үйгө (АКШ) Рождество майрамынын башкы балатысын алып келишти.

"Кыргыз кереметинин" кадр сыртында калган сүрөттөрү. Эч ким көрө элек ирмемдер
Кыргызстандын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Бишкекти каптаган кара түтүн маселесин чечүүнүн жолдорун иштеп чыгууну тапшырды.

Белоруссиянын Ивье шаарында түшүм майрамы белгиленди.

АКШ менен Мексиканын чек арасында Гондурастан, Гватемаладан жана Сальвадордон келген 5,6 миң мигрант топтолуп калды.

Парижде (Франция) күйүүчү майдын кымбатташына каршы акция өттү. Активисттер президент Эммануэль Макрондун отставкасын талап кылышууда.

Непалдын Лалитпур шаарында салттык бийлердин фестивалы өтүүдө.

Россиянын Красноярск шаарында кышында сууга түшүүнү сүйгөндөр үчүн сезон ачылды.

1 / 19
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Бишкекти каптаган кара түтүн маселесин чечүүнүн жолдорун иштеп чыгууну тапшырды
2 / 19
АКШ президенти Дональд Трамп менен жубайы Рождество майрамы үчүн алынып келген негизги балатыны тосуп алышууда
3 / 19
Афганистандын Газни провинциясындагы качкындар. Миңдеген киши Малистан жана Жагори аймагын таштап чыгып кетти. Бул аймакта өкмөттүн күчү менен "Талибан" кыймылы кармашып жатат.
4 / 19
Бангкоктогу "Маханакхон" көк тиреген имаратынын 78-кабатындагы туристтер
5 / 19
Белоруссиянын Ивье шаарында түшүм майрамы белгиленди
6 / 19
Америка Кошмо Штаты менен Мексиканын чек арасына Борбордук Америкадан миңдеген мигрант агылып келүүдө. Акыркы маалыматтар боюнча бул жерге Гондурастан, Гватемаладан жана Сальвадордон келген 5,6 миң мигрант топтолуп калды.
7 / 19
Индиянын Батнур айылынын тургундары маркумду жерге берүү зыйнатында
8 / 19
ПБК ЦСКА (Москва, Россия) клубунун оюнчусу Отелло Хантер менен "Жальгирис" (Каунас, Литва) клубунун оюнчусу Брэндон Дэвис. Евролига 2018-2019-сезондорунун чемпионаты.
9 / 19
Парижде (Франция) күйүүчү майдын кымбатташына каршы акция өттү. Активисттер президент Эммануэль Макрондун отставкасын талап кылышууда.
10 / 19
Кышында сууга түшүүнү каалагандардын "Криофил" клубунун катышуучусу Красноярскидеги Енисей дарыясынын жээгинде. 19-ноябрга карата түнү Красноярскиде абанын температурасы -25 градуска чейин төмөндөдү.
11 / 19
Нью-Дели (Индия) шаарындагы окуучулар ажаткананын дүйнөлүк күнүнө карата жүздөрүн боёшту
12 / 19
Непалдын Лалитпур шаарындагы салттык бий фестивалынын катышуучусу
13 / 19
Чүй облусунун Жайыл РИИБдин имаратында өлтүрүлгөн Бурулай Турдали кызынын сүрөтү Бишкекте өзү окуган медициналык колледждин жатаканасынын сыртына тартылды. Аны Сергей Келлер менен DOXA чыгармачылык тобу ишке ашырган.
14 / 19
Баскетбол боюнча Евролига чемпионатында ойногон "Зенит" (Санкт-Петербург, Россия) менен "Доломити энергия" (Тренто, Италия) командаларынын танаписи. Кыздар бийлеп көрөрмандардын көңүлүн ачты.
15 / 19
Найроби улуттук паркындагы зебранын жонунда отурган чымчыктар
16 / 19
АКШ президенти Дональд Трамп Ыраазычылык билдирүү күнүнүн урматына бир үндүктү "куткаруу" салтанатында
17 / 19
Болливуд актрисасы Элли Аврам сахнада
18 / 19
Вьетнамдагы балдар Индиянын президенти Рам Натх Ковинд менен учурушкандан кийин
19 / 19
Эквадордо билим берүү тармагын каржылоону азайтууга каршы чыккандар