БИШКЕК, 24-ноя. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамптын кичүү кызы Тиффани бут кийиминин баа баракчасын алам деп унутуп, ыңгайсыз абалга туш болгонун TMZ агенттиги кабарлады.
Басылманын маалыматына ылайык, Тиффани менен анын эжеси Иванканы жүргүнчүлөр АКШнын Мэриленд штатындагы "Эндрюс" авиабазасынан учакка түшүп бараткан учурда тартып алышкан. Эже-сиңди үй-бүлөсү менен Флорида штатындагы Мар-а-Лаго курортуна ыраазычылык күнүн белгилөөгө бара жатышкан.
Сүрөттө көрүнүп тургандай, шиштаканын таманында анын баасы жазылган кагаз чапталып турат. Президенттин кыздарынын сүрөтү соцтармакка желдей тарап, колдонуучуларды күлкүгө салды.