Токтогул районундагы жаныбарларга эми камералар көз салат

Аймактагы "Алатай" жаратылыш паркына 10 камера орнотулду.
Sputnik

БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы "Алатай" жаратылыш паркына 10 фотокапкан коюлду. Бул туурауу ПРООНдун Кыргызстандагы байланыш боюнча консультанты Мирлан Дыйканбаев билдирди.

1 / 3
Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы "Алатай" жаратылыш паркына 10 фотокапкан коюлду
2 / 3
Эми фотокапкан аркылуу жан-жаныбарлардын санын, абалын жакындан таанып билүүгө жол ачылат
3 / 3
Ошондой эле жапайы жаныбарларга мыйзамсыз аңчылыкка чыккандарды аныктоого өбөлгө түзөт.

Эңилчектеги фотокапканга үч мамалагын ээрчиткен аюу түшүп калды. Сүрөттөр
Эми фотокапкан аркылуу жан-жаныбарлардын санын, абалын жакындан таанып билүүгө жол ачылат. Ошондой эле жапайы жаныбарларга мыйзамсыз аңчылыкка чыккандарды аныктоого өбөлгө түзөт.

Фотокапкандар коюлардын алдында жаратылыш паркынын егерлери аны кантип орнотууну, алынган маалыматты кантип чогултуп, пайдалануу керектиги тууралуу окуудан өтүшкөн.

"Алатай" мамлекеттик жаратылыш паркы өкмөттүн токтому менен 2016-жылы түзүлгөн. Анын жалпы аянты 56 миң 826 гектарды түзөт. Парктын аймагын 200дөн ашык түрдүү жаныбарлар байырлайт.

Белгилей кетсек, Тогуз-Торо районундагы "Кан-Ачуу" жаратылыш паркына да фотокапкандар коюлган болчу.