Кыргызстанда туулган спортчу бокс боюнча дүйнө чемпиону бойдон калды

Россиялык спортчу профессионалдык рингде 15 беттешүүгө чыгып, бардыгын тең жеңип алган.
Sputnik

БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. Кыргызстанда туулуп-өскөн россиялык боксчу Дмитрий Бивол Дүйнөлүк бокс ассоциациясынын (WBA) версиясы боюнча чемпиондук титулун сактап калды. Бул тууралуу Р-Спорт жазды.

АКШга кеткен Тилек Жээнбеков Бишкекке кайтканынын себебин айтты
Ишемби күнү ал канадалык Жан Паскаль менен жарым оор салмакта беттешке чыкты. 27 жаштагы Бивол калыстар тобунун бирдиктүү чечими менен жеңүүчү деп табылды.

Жыйынтыгында Бивол Жан Паскаль менен болгон беттешүүсүнө өзү ыраазы экенин жана атаандашын нокаутка кетире албаганына маанайы чөкпөгөнүн айтты.

Бивол профессионалдык рингде бардык 15 беттешүүсүн жеңген. Алардын 11и нокаут менен аяктаган. 36 жаштагы Паскаль буга чейинки 33 мелдешинин алтоондо жеңилип калган.

Дмитрий Бивол Чүй облусунун Токмок шаарында туулган.