Баланы интернет менен аңдуу жакшы эмес. Социологдун пикири

Социологдордун айтымында, ата-эненин көңүлү тынч болсун деп түзүлгөн интернеттин ыкмалары кооптонууну, толкунданууну жаратат.
Sputnik

БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. Ата-эненин санариптик технология менен баласына көзөмөл кылуусу кичинекейлерге терс таасирин тийгизет. Бул туурасында "Известия" жазды.

Колунан телефонун түшүрбөгөн кытайлык кыздын колу бүгүлбөй калган
Бүгүнкү күндө баланын баскан-турганын онлайн көрүп турууга болот. Маселен, ата-эне "акылдуу саат" тагып коюшу мүмкүн. Анда баланын ким менен сүйлөшүп, кайсы жерде жүргөнү көз алдыда болот.

Социологдордун изилдөөлөрүнө караганда, интернеттеги көзөмөлдөн улам бала бара турган жерин өз алдынча таба албай, айтып-демейинче каттай турган жолун билүү жөндөмүн жоготот.

Мындан сырткары, социологдордун айтымында, ата-эненин көңүлү тынч болсун деп түзүлгөн интернеттин ыкмалары кооптонуп, толкунданган абалды жаратат. Эгерде ал өчүп калса, артыкбаш тынчсыздана бермей адат болуп калат.