Радио

Мокешов: эми информатика сабагы 5-класстан баштап окутула баштайт

Ишеналы Арабаев атындагы КМУнун маалыматтык технологиялар бөлүмүнүн башчысы Жолдошбек Мокешов буга чейин информатика сабагы 7-класстан баштап окуу программасына киргизилип жүргөнүн айтты.
Sputnik
Мокешов: эми информатика сабагы 5-класстан баштап окутула баштады

Быйыл аталган предметти 5-класстан баштап өтүү ылайык. Себеби жогорку технологиялык доордо компьютерди жана аны колдонуу эрежелерин эрте өздөштүрүү убакыттын талабы болуп турат. Бул тууралуу Жолдошбек Мокешов Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, мамлекет акыркы убактарда IT технологиялары, информатика сыяктуу багыттарга өзгөчө көңүл бура баштагандыгы жакшы жышаан.

"Өзүбүздүн адистердин азыркы тапта ата мекендик программаларды жасаганга кудурети жетип, кайсы бир учурда чет элдик компанияларга дагы кызмат көрсөтө башташты. IT тармагы, компьютердик программалар бир орунда турбайт. Күндө жаңыланууга муктаж. Быйылтан баштап мектеп окуучуларына информатика сабагы 5-класстан баштап киргизилди. Мурун 7-8-класстан баштап окутулчу. Бул жагдай келечекте өлкөдө мыкты IТ технологиялык адистерди даярдоого жакшы өбөлгө түзөт", — деди Мокешов

Ошондой эле ал акыркы убакта республика боюнча IT технологияларын өздөштүрүүгө жардам берчү кыска мөөнөттүү атайын курстар көп ачыла баштагандыгын кошумчалады.