Мэрия Бишкектин көчөлөрүн тазалап жатат

Ишке 40 техника жана 700дөн ашуун короо шыпыргыч чыкты.
Sputnik

БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. Борбор калаанын көчөлөрүн кардан тазалоо иштери уланып жатканын борбор калаанын мэриясы билдирди.

Ушу тапта тротуарлар, аялдаманын четтери тазаланып, жолдорго туз себилүүдө.

1 / 4
Борбор калаанын көчөлөрүн кардан тазалоо иштери уланып жатат
2 / 4
Ушу тапта тротуарлар, аялдаманын четтери тазаланып, жолдорго туз себилүүдө.
3 / 4
Шаар боюнча 40тай атайын техника жана 740 короо шыпыргыч иштеп, 426 тонна кум жана 58 тонна туз сарпталды.
4 / 4
Кечээ Бишкекте катуу шамал болуп, жаан аралаш кар жааган.

Шаар боюнча 40тай атайын техника жана 740 короо шыпыргыч иштеп, 426 тонна кум жана 58 тонна туз сарпталды.

Кечээ Бишкекте катуу шамал болуп, жаан аралаш кар жааган.