БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. Бүгүн саат 9.00дөн тарта Бишкек — Ош унаа жолундагы кырдаал жөнгө салынганын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
ӨКМдин Кризистик кырдаалдарды башкаруу борборунун жана Чүй облустук башкармалыгынын ыкчам топтору трассадагы абал турукташкандыгына байланыштуу өз ордуларына кайтып келишкен.
Эскертке кетсек, кечээ, 24-ноябрда, Төө-Ашуу жана Ала-Бел ашууларында кар калың жаап, бороон болгон. 127-чакырымына кар көчкү түшүп, "Сосновка" менен "Арал" бекеттерине чектөө киргизилип, жол жабылган. Буга байланыштуу "Сосновка" постунда жана Хусейин Көлбаев тоннелинде жылынуучу жайлар жана тамак-аш менен камсыздоо уюштурулган.
Ал эми Чүй облустук Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы учурда чиркегичи бар оор жүк ташуучу унаалардан башка бардык транспорт каражаттары өтүп жатканын билдирди.