БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. Катуу шамал Балыкчы шаардык ички иштер бөлүмүнүн чатырын учуруп кетти. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигинин аймактык кабарчысы билдирди.
25-ноябрдын түнүндө болжол менен саат 3.00дө катуу шамал болгон. Ал ШИИБдин, бир нече мекемелердин имаратынын чатырын алып кетсе, айрым үйлөрдүн үстүнө дарактар кулаган.
Последствия сильного ветра в Балыкчи
© © Sputnik