Кыргызстан экенине ишенесизби? Ажайып жаратылыштын 5 сүрөтү

Фотографтын профилинен Кыргызстандын ондогон керемет сүрөттөрүн көрүүгө болот.
Sputnik

БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. Lunatic Alx каймана ысымын алып жүргөн кыргызстандык фотограф өлкөнүн ажайып жаратылышын сүрөткө тартып жарыялап келет.

Ал кадрларды квадрокоптердин жардамы менен жаратат. Асмандан тартылган сүрөттөр жаратылыштын канчалык кооз экенин айгинелеп көрсөтүп турат.

Бул кадр Токтогул районунан тартылган. Суктанарлык бекен? Автор сүрөттүн астына Kөl lake деп жазган.

Ал эми бул Чаткал районундагы тоо көлү. Чаткалдын тоолорунда өсүмдүктөр анча көп өспөйт. Жайдын күнү күн катуу тийип чөптөр тез эле куурап калат. Бирок көлдүн жака-белинен бадалдарды көрүүгө болот.

Чоң Ак-Суу (Григорьев) капчыгайында ушундай дарыя жана жол бар экенин билчү белеңиз?

Ысык-Көл облусунун түштүк тарабындагы Ара-Бел өрөөнү. Бул сүрөттү 25-сентябрда жарыялаган.

Бул кадр Көл-Көгүр көлүнүн жээгинен тартылган.