Көлдүн Ак-Суусунда тажыяга барган аялы менен күйөөсү жол кырсыгынан каза болду. Сүрөт

Бүлө бараткан унаа тумандан улам көпүрөдөн түшүп кеткени айтылды.
Sputnik

БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. Ысык-Көлдүн Ак-Суу районуна караштуу Жыргалаң айылында аялы жана күйөөсү жол кырсыгынан каза тапканын жергиликтүү тургундар билдирди.

Окуяны облустук милициядагы өздүк булактар да тастыктады.

1 / 3
Ысык-Көлдүн Ак-Суу районуна караштуу Жыргалаң айылында аялы жана күйөөсү жол кырсыгынан каза тапты
2 / 3
Окуяны облустук милициядагы өздүк булактар да тастыктады.
3 / 3
Жубайлар туугандарынын тажыясына барган. Унаа калың тумандан улам көпүрөнүн астына түшүп кеткени белгилүү болду.

Маалыматка ылайык, жубайлар туугандарынын тажыясына барган. Унаа калың тумандан улам көпүрөнүн астына түшүп кеткени белгилүү болду.

Айылдаштарынын айтымында, үй ээси 45 жашта болчу.