Чачы агарып... Жээнбековдун президенттикке чейин жана андан кийинки сүрөттөрү

Президенттик шайлоодо жеңишке жеткен Сооронбай Жээнбеков туура бир жыл мурда, 24-ноябрда, расмий түрдө кызматка киришти. Анын инаугурация аземи Бишкектеги "Ала-Арча" резиденциясынын "Энесай" үйүндө өткөн.
Sputnik

Бул күнү Алмазбек Атамбаев салтанаттуу түрдө Сооронбай Жээнбековго штандартты тапшырып, президенттик ыйгарым укуктарын өткөрүп берген. Ал эми Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова президенттин күбөлүгү менен төш белгисин таккан. Жээнбеков Конституцияга колун коюп, таза жана адилеттүү иштөөгө ант берген.

Sputnik Кыргызстан агенттиги Сооронбай Жээнбековдун учурдагы жана президенттикке чейинки беш сүрөтүн сунуштайт. Айырмачылыктарды байкап, салыштырып көрүңүз.

Архивные фотографии новоизбранного президента КР Сооронбая Жээнбекова

1. Сооронбай Жээнбеков 12 жыл Жогорку Кеңештин депутаты болгон. 1995-2000-жылдары Жогорку Кеңештин I чакырылышынын Эл өкүлдөр жыйынына депутат болуп шайланган. 2000-2005-жылдары ЖКнын II чакырылышынын депутаты, Эл өкүлдөр жыйынынын төрагасынын орун басары болгон. 2005-2007-жылдары ЖКнын III чакырылышынын депутаты катары кызмат өтөгөн. Бул кадр ошол жылдары тартылган.

Представитель правительства Сооронбай Жээнбеков

2. Ал эми бул сүрөт өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү болуп турганда иш бөлмөсүнөн тартылган. Ал Ош аймагын беш жыл жетектеген. Бул кызматка 2010-жылы апрель революциясы болуп, бийлик алмашкандан кийин дайындалып, 2015-жылдын декабрына чейин иштеген. Андан соң Бишкекке келип Мамлекеттик кадр кызматынын директору болгон.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков

3. Жээнбеков 2016-жылдын 16-апрелинде Кыргызстандын премьер-министри болуп дайындалган. Бул сүрөт жаңыдан ишке киришкен күнү тартылган. Ал өкмөт башчы катары бир жылдан ашыгыраак иштеп, 2017-жылдын 21-августунда президенттик шайлоого даярдык көрүү үчүн кеткен.

Первое совещание президента Сооронбая Жээнбекова с руководством Аппарата

4. Бул Сооронбай Жээнбековдун президент катары иш бөлмөсүндө түшкөн алгачкы сүрөттөрүнүн бири. Былтыр ушу күнү "Ала-Арча" резиденциясындагы "Энесай" үйүндө ант берүү аземи өткөн. Инаугурация аяктагандан кийин Ак үйдүн имаратына келип, экс-президент иш бөлмөсүн жаңы президентке өткөрүп берген. Бул күнү Жээнбеков президенттик аппараттын жетекчилиги менен биринчи кеңешмесин өткөргөн.

Встреча Президента Сооронбая Жээнбекова с бывшими спикерами и премьер-министрами страны

5. Ал эми мындагы сүрөт ушул жылдын 20-ноябрында Сооронбай Жээнбековдун Жогорку Кеңештин мурдагы төрагалары жана экс-премьер-министрлер менен жолугушуусу учурунда тартылган. Бул президенттин соңку түшкөн сүрөттөрүнөн.