Премьер Абылгазиев өлкөнүн автожолдорундагы кырдаал боюнча кеңешме өткөрдү

Өкмөт башчы Финансы министрлигине унаа жолдорун тейлөө боюнча комплекстүү иш-чараларды каржылоонун бардык маселелерин чечүүнү милдеттендирди.
Sputnik

БИШКЕК, 24-ноя. — Sputnik. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кардын калың жаашына жана абанын температурасынын төмөндөшүнө байланыштуу республиканын унаа жолдорундагы кырдаал боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Бишкекте алыскы аймактарга каттаган айдоочуларга эскертүү берилди
Ага ылайык, өкмөт башчы Талас облусуна болгон жумушчу сапарынан кайтып келе жатып, аба ырайынын татаал шарттарына жана тоңголокко байланыштуу унаа тыгындарында турган айдоочулар жана жаш балдары бар жүргүнчүлөр менен сүйлөшкөн.

Кеңешменин жүрүшүндө премьер унаа жолдорунда, айрыкча опурталдуу ашуу тилкелеринде түзүлгөн кырдаал мамлекеттик органдардан ыкчам жана өтө кардиналдуу чараларды талап кыларын белгиледи.

Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калиловдун маалыматы боюнча бийик тоолуу аймактарга жааган кардын калыңдыгы 30 сантиметрден 60 сантиметрге чейин жеткен. Ал бардык тартылган жол кызматтарынын аракеттерине карабастан бир катар кыйынчылыктарды алып келген.

"Кардын жаашы жана атайын техниканын жетишсиздиги жол бетин тазалоо жана себүү иштерин бардык тилкелерде тийиштүү түрдө жүргүзүүгө жолтоо болууда. Бирок жолчулар Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен биргеликте жер-жерлерде унаа жолдорун тейлөөдөн тышкары жол кыймылын жөнгө салып айдоочуларга жардам беришүүдө", — деди Калилов.

Өкмөт башчы Финансы министрлигине унаа жолдорун тейлөө боюнча комплекстүү иш-чараларды каржылоонун бардык маселелерин чечүүнү милдеттендирди.

Мындан тышкары, жолдордун негизги тилкелерин тазалоо үчүн ротордук кар тазалоочу техниканы сатып алуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну тапшырды.