Жүздөгөн сатуучу "Ош" базарында митинг кылып жатат

Митингчилердин айтымында, базардын жетекчилиги алардын соода кылган орундарын бошотууга аракет кылууда.
Sputnik

БИШКЕК, 24-ноя. — Sputnik. Бишкектеги "Ош" базарында соода кылгандар митингге чыкты. Бул тууралуу соодагерлердин бири Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына билдирди.

1 / 2
Бишкектеги "Ош" базарында соода кылгандар митингге чыкты
2 / 2
Базарда чыккан өрттөн соода күркөлөрү күйүп кеткен жарандардын учурда соода кылып жаткан жеринен чыгарууга аракеттер көрүлүп жатат.

Анын айтымында, базарда чыккан өрттөн соода күркөлөрү күйүп кеткен жарандардын учурда соода кылып жаткан жеринен чыгарууга аракеттер көрүлүп жатат.

"Өрт чыгып соода кыла турчу жайлары күйүп кеткен соодагерлердин азыркы орундарын базар жетекчилиги бошотууга аракет кылып жатат. Алар соодагерлердин азыр турган жерин автоунаа токтотуучу жай кылабыз деп жатышканын уктук. Андан сырткары, "базардын жанына салынып жаткан жаңы имараттан орун алгыла, 1 чарчы метри 2 миң доллардан" деп жатышат. Имарат болсо курулуп бүтө элек", — деди соодагер.

Сотторго нааразы болгон жарандар Ак үй алдына күнүгө митингге чыгууда
Учурда базарда соода кылган 100дөн ашык киши митинг кылууда.

Белгилей кетсек, "Ош" базарынын аймагындагы биринчи өрт үстүбүздөгү жылдын 30-январында болгон. Анын кесепетинен 108 соода түйүнү жайгашкан 3500 чарчы метр аянт күйүп кеткен.

Экинчи жолку өрт 5-март күнү кечке маал башталган. Жалын 700 чарчы метр жерди жалмаган.

Ал эми 13-апрелге караган түнү базардан үчүнчү ирет өрт чыгып, 2500 чарчы метр жер күйүп кеткен.