Францияда митингге чыккандар 7 полиция кызматкерин жарадар кылды

Францияда бензинге болгон баа 1-январдан бери 2,9 евроцентке өсүп, эл каршылык акциясына чыгууда.
Sputnik

БИШКЕК, 24-ноя. — Sputnik. Франциянын түндүгүндө жети полиция кызматкери каршылык акциясына чыккан жарандар тарабынан жаракат алышты. Бул тууралуу BFMTV телеканалы маалымдады.

Окуя ишембиге караган түнү Па-де-Кале департаментинде болгон. Телеканалдын маалымат булагы билдиргендей, митингчилер укук коргоо органдарынын унаасын оодарып, өрт коюшкан. Окуянын кесепетинен жети полиция кызматкери жеңил жаракат алган.

Казакстандан бензин импорттолсо баа төмөндөйбү? Нефтетрейдерлердин жообу
Францияда күйүүчү майга болгон баанын өсүшүнө каршы масштабдуу акция 17-ноябрда башталган. Өлкөнүн ИИМинин маалыматына карганда, өткөн ишемби күнү акцияга 287 миң адам катышкан. Митинг учурунда бир адам унаа алдында калып каза таап, 500 киши жаракат алган.

Францияда бензинге болгон баа 1-январдан бери 2,9 евроцентке, дизель майы 6,5 евроцентке өстү. Europe1 радиостанциясынын маалыматына караганда, 2018-жылдын ичинде дизель майына болгон баа 23 пайызга, бензин баасы 15 пайызга өскөн.