БИШКЕК, 24-ноя. — Sputnik. 24-ноябрга караган түнү Бишкекте жол кырсыгы болуп, эки кишинин өмүрүн алды. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясынын маалымат кызматы Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына билдирди.
Жол кырсыгы бүгүн түндө саат 3:40тар чамасында "Мадина" базарынын жанында 7-апрель көчөсүндө катталган.
"Айдоочу рулду башкара албай, машина жолдон чыгып түркүккө барып урунган. Автоунаа экиге бөлүнүп кеткен. Айдоочу менен жүргүнчү кырсык болгон жерден каза болгон. Дагы бир жүргүнчү ооруканага жеткирилди", — деп милициядан кабарлашты.
Каза болгон айдоочу 26 жашта, жүргүнчү 22 жашта болгон. Учурда ЖКККБнын кызматкерлери тергөө жүргүзүп жол кырсыктын себебин тактап жатышат.