Бишкекте катуу шамалдан улам унаанын үстүнө бак кулады. Сүрөт

Кыргызгидромет буга чейин катуу шамал болушу ыктымалдыгын маалымдаган.
Sputnik

БИШКЕК, 24-ноя. — Sputnik. Бишкекте унаанын үстүнө бак кулаганын Sputnik Кыргызстан агенттигине күбө WhatsApp каналы аркылуу билдирди.

1 / 3
Бишкекте унаанын үстүнө бак кулаганын Sputnik Кыргызстан агенттигине күбө WhatsApp каналы аркылуу билдирди
2 / 3
Анын айтымына караганда, окуя Калык Акиев менен Рыскулов көчөлөрүнүн кесилишинде саат 16.10дор чамасында болгон
3 / 3
Буга чейин Кыргызгидромет шашылыш билдирүү тараткан.

Анын айтымына караганда, окуя Калык Акиев менен Рыскулов көчөлөрүнүн кесилишинде саат 16.10дор чамасында болгон.

Буга чейин Кыргызгидромет шашылыш билдирүү тараткан. Маалыматта ишемби, жекшемби күндөрү шамалдын ылдамдыгы секундасына 17-22 метрге жетери айтылган.