Бишкек мэриясы "Ош" базарындагы абал боюнча расмий пикирин айтты

Эртең менен "Ош" базарындагы жүздөгөн сатуучу митингге чыккан болчу.
Sputnik

БИШКЕК, 24-ноя. — Sputnik. Бишкек шаарынын мэриясы "Ош" базарындагы сатуучулардын митинги тууралуу маалыматты төгүнгө чыгарып, ал болгону "сатуучулардын жаңы соода борборунун жетекчилери менен болгон жолугушуу" деп атады.

Бүгүн эртең менен "Ош" базарындагы жүздөгөн сатуучу митингге чыккан.

"Ал жакта сатуучулар курулуп жаткан соода борборунун ээлери менен жолугуп жатат. Жетекчилердин айтымында, имарат декабрь айында колдонууга берилет. Жолугушууга келгендер "Берекет" жаңы соода борборундагы орундарды бөлүштүрүү маселесин гана талкуулашууда", — деп айтылат маалыматта.

Андан сырткары, жыйналыш болуп жаткан жерге мэриянын өкүлдөрү, Ленин райондук администрациясынан жана укук коргоо органдарынан кишилер барган.

Ал ортодо сатуучулар өздөрүнүн нааразычылыгын билдирип, азыр соода кылып жаткан жеринен мажбурлап чыгарып, жаңы салынып жаткан борбордон орун алгыла деп кыйнап жатышканын билдиришүүдө.

"Азыр соода кылып жаткан жерибиздин ижарасына чоң сумма төлөбөйбүз, ошондуктан бизде товарлар арзан. Жаңы борборго көчкөндө ижара акысы бир топ көтөрүлөт, ал товардын баасына сөзсүз таасир берет. Бул жакка жарандар арзан болгону үчүн келет. Демек биз кардарлардан кол жууйбуз", — деди сатуучулардын бири.

Атайын өрт коюлушу мүмкүн. ИИМ "Ош" базарындагы өрт боюнча ишти сотко жөнөттү
"Берекет" базарынын администрациясынын өкүлү Эсен Саматбаев күйүп кеткен соода күркөлөрүнүн ордуна жаңы борбор курулуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына тастыктады. Ал сатуучуларды эч ким көчкүлө деп мажбурлабай турганын билдирди.

Белгилей кетсек, "Ош" базарынын аймагындагы биринчи өрт үстүбүздөгү жылдын 30-январында болгон. Анын кесепетинен 108 соода түйүнү жайгашкан 3500 чарчы метр аянт күйүп кеткен.

Экинчи жолку өрт 5-март күнү кечке маал башталган. Жалын 700 чарчы метр жерди жалмаган.

Ал эми 13-апрелге караган түнү базардан үчүнчү ирет өрт чыгып, 2500 чарчы метр жер күйүп кеткен.