БИШКЕК, 24-ноя. — Sputnik. Баткен жана Талас облустарын ичүүчү суу менен камсыздоого Ислам өнүктүрүү банкы 50 миллион доллар насыя берет. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, вице-премьер-министр Замирбек Аскаров Ислам өнүктүрүү банкынын Аймактык өкүлчүлүгү тобунун директору Хишам Талеб Маруф менен жолугушту.
Тараптар Баткен жана Талас облустарын ичүүчү суу менен камсыздоочу айыл чарба секторун өнүктүрүү үчүн бөлүнүп жаткан финансы каражаттарына тийиштүү маселелерди талкуулаган.
Белгилей кетсек, буга чейинки сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыктары боюнча Сауд өнүктүрүү фонду Кыргызстанга өлкөгө кошумча түрдө 30 миллион АКШ долларын сунуштаган жана баштапкы сунушталган пайыздык үстөктү 1 пайыздан 0,75 пайызга чейин төмөндөттү. Насыя 30 жылга 10 жылдык жеңилдик мөөнөтү менен берилет.
"Жалпы суммасы 50 миллион долларлык бул финансылык каражаттар жогоруда аталган финансы институттары тарабынан жактырылган Концепциянын алкагында Баткен жана Талас облустарынын 91 айылын ичүүчү суу менен камсыздоого багытталат. Бул долбоор алдыдагы 4-5 жылдын ичинде ишке ашырылмакчы", — деп айтылат маалыматта.
Келишимге ылайык, бул долбоорду Архитектура, курулуш жана турак жай мамлекеттик агенттигине караштуу Ичүүчү сууну камсыздоо жана суу чыгарууну өнүктүрүү департаменти менен Коомчулуктарды өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги (АРИС) уюму ишке ашырат.