"Жумадагы арзандатуулар" күнүндө автотыгын болгон жок. Асмандан тартылган видео

Ноябрдын акыркы жумасында адатта дүйнөдөгү ири дүкөндөр арзандатуу күнүн жарыялайт. Андан улам соода кылганга агылган элдин саны абдан арбын болот. Чоң калааларда автотыгын жаралып, көчөдөгү кыймылга кадимкидей тоскоолдук жаратат. Бул сапар Бишкек шаарында ири дүкөндөргө ашыккан элдин агымы көп байкалбай, ири автотыгын жаралган жок.
Sputnik

"Жумадагы арзандатуулар" күнү АКШда салт катары калыптанган. Мында болуп көрбөгөндөй арзандатуулар болуп, ага удаа эле Рождество мезгилиндеги соода-сатык башталат. Бул адатта 23-29-ноябрда болот.