Ысык-Көлдө курдашын союл менен сабап өлтүрдү деп шектелген киши колго түштү

Каракол шаарынын 32 жаштагы тургунун бир ай мурда өлтүрүп, Жон-Булак айлына сөөгүн таштап кетишкен.
Sputnik

БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. Ысык-Көл облустук милициясы 32 жаштагы жигитти өлтүрүп, сөөгүн арыкка ыргытып кетти деп шектелген кишини колго түшүрдү. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБинин маалымат катчысы Сталбек Усубакунов билдирди.

Эске салсак, ушул жылдын 27-октябрында Жети-Өгүз районунун Жон-Булак айлында кыйнап өлтүрүлгөн эркек кишинин сөөгү арыктан табылган. Кийин ал Каракол шаарында жашап, жарандык никедеги келинчеги менен соода кылып жүргөнү маалым болгон. Аталган факты боюнча Кылмыш жана жаза кодексинин 97-беренеси ("Адам өлтүрүү") менен кылмыш иши козголгон. 

Сотрудники милиции задержали подозреваемого в убийстве жителя Каракола

Облустук милиция ыкчам иликтөө иштерин жүргүзүп, 32 жаштагы шектүүнү Бишкек шаарынан колго түшүрдү.

Ал мурда мал уурдоо боюнча соттолуп, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турганы белгилүү болду.

"Шектелүүчү 26-октябрь түнү өзүнүн ВАЗ-2107 үлгүсүндөгү унаасын айдап, Каракол шаарындагы таанышынын үйүнө келген. Экөөнүн ортосунда карыз акча маселеси болгондуктан, алар унаага отуруп сүйлөшүп жатып уруша кетишкен. Жыйынтыгында шектелүүчү таанышын Жон-Булак айлына алып барып союл менен сабап, ал өлүп калганда сөөктү таштап кетип калган", — деп айтылат милициянын билдирүүсүндө.

Баткенде атылган прокурордун өлүмүнө шектелген аткаминер камалды
Андан кийин ал кайра Каракол шаарына келип, 25 жаштагы дагы бир таанышын чакырып алып, маркумдун үйүнүн жанында токтоп турган Nissan Cefiro үлгүсүндөгү унаасын айдай качышкан. Ал автокөлүк менен экөөлөп Жети-Өгүз районундагы Липенка айылынан торпок уурдашкан.

Акыркы эки факты боюнча Жети-Өгүз райондук милициясы КРдин Кылмыш жана жаза кодексинин 172 ("Автомобилди укукка жат түрдө ээлеп алуу") жана 165-беренелери ("Мал уурдоо") кылмыш ишин козгогон.

Кармалган адам Каракол шаарында убактылуу кармоо жайына киргизилди.