БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. Ыкчам иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгында "Бишкексвет" ишканасы менен Бишкек мэриясынын айрым адистери кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган учурлары аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.
Ага ылайык, 2016-жылы ноябрда "Бишкексвет" муниципалдык ишканасынын жана мэриянын өкүлдөрү тийиштүү конкурс өткөрбөй, 2017-жылга карата шаарды 16 миллион 250 миң сомго кооздоо милдетин GrandPRO ишканасына берип койгон. Ошондой эле "Бишкексвет" ишканасынын кызматкерлери аткарган кызмат үчүн GrandPRO ишканасынын эсебине кошумча 2 миллион 19 миң сом которулган. Тийиштүү кызмат адамдары "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөгү" мыйзамды одоно бузушкан.
Бирок GrandPRO ишканасынын бажы декларациясында алардын наркы 7 миллион 427 миң 900 сом делип, материалдардын баасы негизсиз түрдө 5 миллион 830 миң 600 сомго жогорулатылган. Ошентип мамлекетке 7 миллион 849 миң 600 сом зыян келтирилгени айтылат.
Аталган факты боюнча Бишкек прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 304 ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") жана 306-берене ("Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарына каршы келген мамлекеттик сатып алуу боюнча келишим түзүү") боюнча кылмыш иши козголду.