БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. Ошто террорчулук менен экстремизмге каршы жөө жүрүш болуп, уюштуруучулардын айтымында, ага 9 миңдей киши катышты. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Жөө жүрүш жума күнү эртең менен "Коопсуз Ордо" долбоорунун алкагында өттү.
Иш-чарага коомдук активисттер, жергиликтүү аткаминерлер жана жогорку окуу жайлардын студенттери катышты. Алар колдоруна террорчулук менен экстремизмге каршы чакырыктар жазылган транспаранттарды кармап чыккан.