Ошто окуучуну сабаган 16 жаштагы кыз эки ирет соттолгон. Окуянын чоо-жайы

Милициянын маалыматы боюнча видеодо окуучунун бетин канжалата тепкен кыз 16 жашта. Учурда тараптар арыз жазуудан баш тартууда.
Sputnik

БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. Социалдык тармактарда тарап жаткан кыздардын мушташкан видеосу тууралуу Ош шаардык милиция кызматкерлери иликтөө жүргүзүп, анын катышуучуларын аныктады. Бул тууралуу шаардык милициянын маалымат кызматы кабарлады.

Окуя ушул жылдын 21-ноябрында болжол менен саат 11.00дөрдө болгон. Видеодо бети канап, тепки жеп жаткан кыз Ош шаарынын мектептеринин биринин 11-классынын окуучусу. Ал эми аны урган кыз Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн 16 жаштагы жашоочусу.

"Алгачкы маалыматтарга караганда, урган кыз мурда эки ирет уурулук жана бейбаштык беренеси боюнча соттолгон. Учурда дагы бир уурулук боюнча иши Кара-Суу райондук милициясы тарабынан каралып жатат. Апасы жалгыз тарбиялап чоңойткон. Ош шаарында жашап, кийин Отуз-Адыр айылдык аймагына көчүп кетишкен. Эч жерде окубайт жана иштебейт", — деп айтылат маалыматта.

Эки кыздын мушташын отуз-адырлык кыздын курбусу видеого тарткан. Ал 17 жашта, Ош шаарынын Манас-Ата кичирайонунда жашайт. Энеси жалгыз бой өстүргөн. Милицияга берген көрсөтмөсүндө 15 жашынан медреседе окуп, аппендицит болуп калгандыгына байланыштуу окуусун таштап койгонун айткан.

Жалал-Абад: ата-энелер тарбиячы балдарды кантип уруп жүргөнүн айтышты
"Жаңжалдашкан тараптар 18-ноябрдан баштап Instagram аркылуу бири-бирине акаарат келтирип, урушуп кетишкен. Натыйжада кыздар жаңжалды өз ара чечүү максатында 21-ноябрда саат 11.00 чамаларында Ош шаарынын "Космонавттар" эс алуу багында жолугушкан. Ал жерде да чырдашып, андан соң парктан алыс эмес жердеги турак үйлөр тарапка барып мушташышкан. Аны видеого тарткан кыз ошол эле күнү досторуна жөнөткөн", — деп билдиришти милициядан.

Учурда бул факты бейбаштык катары катталды. Бирок тараптар бири-бирине арыз жазуудан баш тартууда. Окуя Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматы тарабынан толук жана ар тараптуу териштирилүүдө, күбөлөр, тараптардын туугандары жана педагогдор суралууда.