Ишембиге карата аба ырайы

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik

БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. 24-ноябрда республика боюнча катуу кар жаашы ыктымал. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Абанын температурасы Чүйдө +1…+6, Таласта 0…+5 градус, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +5…+10, Ысык-Көл жана Нарын облустарында +2…+7 градус жылуу болот.

Бишкек менен Ош шаарларында жаан жаап, карга айланышы мүмкүн. Абанын температурасы Бишкекте +4…+6, Ош шаарында +7…+9 градуска жетет.