Грецияда пол жуугуч аял 22 жыл мурдагы айыбы үчүн 10 жылга кесилип кетти

Аял 1996-жылы пол жуугуч болуп жумушка орношуу үчүн сынакка катышып жатып, мектептеги беш жылдык билимин алты жылдык деп оңдоп койгон.
Sputnik

БИШКЕК, 22-ноя. — Sputnik. Грециянын Лариса шаарында пол жуугуч аял мектептеги аттестатындагы маалымат оңдолгону үчүн 10 жылга кесилип кетти. Бул тууралуу Taxydromos сайтына шилтеме берип Sputnik Казакстан агенттиги жазды.

Ларисалык аял 1996-жылы пол жуугуч болуп жумушка орношуу үчүн сынакка катышкан. Андан өтүп кетүү үчүн ал мектептеги беш жылдык билимин алты жылдык деп оңдоп койгон.

"Агезде келиндин мойнунда майып болуп калган күйөөсүн жана балдарын багуу милдети жүктөлгөн", — деп жазылат макалада.

53 жаштагы аялдын документинде оңдоо болгону 22 жылдан кийин билинип калып, учурда ал абакта отурган кези. Бирок коомчулук соттун мындай чечимине нааразы болуп, аялды боштондукка чыгарууну талап кылууда.