Радио

Ташиева: бир жылда расмий түрдө 19 миңдей аял боюнан алдырат

Дарыгер-акушер, гинеколог Гүлбара Ташиева бир жылда расмий түрдө 19 миңдей аборт жасаларын айтты.
Sputnik
Ташиева: бир жылда расмий түрдө 19 миңдей аял боюнан алдырат

Тилекке каршы, иш жүзүнө келгенде аталган статистика эки-үч эсе көп. Бул тууралуу Гүлбара Ташиева Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасында маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, бойдон алдыруунун эң башкы себеби — пландалбаган үй-бүлө.

"Аборт жасаткандардын саны көп. Бир жылда 19 миңдей аял боюнан алдырат. Бул официалдуу гана статистикалык маалымат. Ал эми атайын карточка ачтырбаган, статистикага кирбей калган учурлар мындан эки-үч эсе жогору. Бойдон алдыруунун эң башкы себеби болуп пландалбаган үй-бүлө эсептелет", — деди Ташиева.

Гинеколог аборттун коопсуз түрү да бар экенин кошумчалады.