УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы Атамбаевдин байлыгын текшерет

Жакында эле экс-президент Алмазбек Атамбаев кантип байыганын айтып берген.
Sputnik

БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. Башкы прокуратуранын тапшырмасы менен УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы Алмазбек Атамбаевдин кирешеси менен мүлкүн текшерет. Бул тууралуу көзөмөл органдан кабарлашты.

Башкы прокуратурадан билдиришкендей, текшерүү жүргүзүүгө коомдук активист Эдил Байсаловдун айткандары себеп болгон. Бирок ошол эле учурда Байсаловдон эч кандай арыз түшпөгөнү белгиленген.

ИИМ: Атамбаев айткан бухгалтер документ тараганга чейин эле өлкөдөн чыгып кеткен
Атамбаев "Апрель" телеканалына берген интервьюсунда байлыгынын түптөлүшү тууралуу айтып берген. Өзүнүн сөзү боюнча Кыргызстандагы биринчи жеке фирманы 1989-жылы ачкан. Атамбаев ошол учурдан 2005-жылга чейин мамлекеттик кызматтарда иштебегенин белгилеген. Ал ошондой эле Түркияда эки ишканасы болгонун, алардын бири (Гульжанлар) 2002-жылы дивиденд түрүндө 27 миллион доллар алып келгенин баяндап берген. 2003-жылы ал ишканасын ири суммага сатып жиберген.

Ал эми Байсалов бул маалыматтардын бир бөлүгү күмөн туудуруп жатканын айтып чыккан.