Актер Абдыкалыков Казакстандагы фестивалда эркектин мыкты ролу үчүн сыйланды

Сыйлыкка режиссер Темир Бирназаровдун "Түнкү кырсык" тасмасындагы башкы каармандын ролу үчүн татыды.
Sputnik

БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. Кыргызстандык актер жана режиссер Акылбек Абдыкалыков Казакстанда өткөн Шакен Аймановдун XIV эл аралык кинофестивалында эркектин мыкты ролу номинациясы боюнча жеңүүчү болду. Бул тууралуу Кинематографтарды колдоо фондусунан билдиришти.

Атам атып салат экен деп бакырып ыйладым... Акылбек Абдыкалыковдун айылга каты
Абдыкалыков аталган иш-чаранын алкагындагы түрк тилдүү мамлекеттердин "Аталардын жери" программасында наамга ээ болгон. Бул сыйлыкка режиссер Темир Бирназаровдун "Түнкү кырсык" тасмасындагы башкы каармандын ролу үчүн татыды. Эскерте кетчү жагдай, фестивалдын дал ушул сынагына кыргызстандык режиссер, ЖК депутаты Садык Шер-Нияз баштаган киночулар калыстык кылды.

Иш-чара 17-21-ноябрь күндөрү Алматы шаарындагы мамлекеттик опера жана балет театрында өткөн. Ага дүйнөлүк киноматографисттер катышкандыгы айтылат.