Мал уурдаган деп "Манас" аэропортунан кармалган киши качып кетти

Шектүү Россиядан учуп келгенден кийин чек арачылар аны кармап, укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнө өткөрүп берген.
Sputnik

БИШКЕК, 22-ноя. — Sputnik. Укук коргоо органдарынын өкүлдөрү мал уурдоого шектелген кишини "Манас" аэропортунан кармашкан. Бирок шектүү качып кетүүгө үлгүргөн. Бул тууралуу ИИМден маалымдашты.

Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунда туулган 50 жаштагы киши мал уурулугуна шектелип, райондук милиция тарабынан изделип жаткан.

"Чек арачылар аны 20-ноябрь күнү Россиядан учуп келгенде кармап, аба транспорту боюнча ички иштер башкармалыгынын өкүлдөрүнө өткөрүп беришкен. Шектүү аэропорттогу атайын бөлмөгө киргизилген, бирок 21-ноябрь күнү эртең менен качып кеткени белгилүү болгон", — дешти милициядан.

Унаа айдай качып көнгөн 23 жаштагы кыз кармалды. Сүрөт
Ошол эле күнү кечке жуук милиция кызматкерлери шектүүнү Чүй облусуна караштуу Жайыл районундагы "Сосновка" бекетинен кармашкан. Ал такси жалдап үйүнө бараткан. Учурда колго түшкөн киши убактылуу кармоочу жайда жатат.

Ошондой эле Ички иликтөө кызматынын өкүлдөрү шектүү кандайча качып кеткенин иликтөөдө. Анын жыйынтыгына жараша колго түшкөн кишини аэропорттун атайын бөлмөсүнө жайгаштырган укук коргоочулардын ишине баа берилет.