Шашылыш билдирүү: Кыргызстанда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт

Өзгөчө кырдаалга кабылгандар 112 кызматына чалып жардам сурай алат.
Sputnik

БИШКЕК, 22-ноя. — Sputnik. 24-25-ноябрь күндөрү туруксуз аба ырайы күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты.

24-ноябрда түнкүсүн кээ бир райондордо жаан жаап, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Ал эми 25-ноябрда көпчүлүк аймактарда жаан, кар жаашы, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 17-22 метрге чейин жетиши мүмкүн.

"Мындай туруксуз аба ырайы энергетика, коммуналдык кызматтардын ишин жана жайлоолордо малды кармоону кыйындатат. Тоолуу райондордогу унаа жолдор тайгак, тоңголок болуп, кар күрткүсү пайда болот. Жаан жааган убакта унаа жолдордо көрүү аралыгы төмөндөп, унаалардын жүрүшүн кыйындатат. Электр зымдарына суу кар жабышып үзүлүү коркунучу жаралат", — деп айтылат маалыматта.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Кыргызстандын тоолуу унаа жолдору аркылуу сапарга чыгып жаткан айдоочуларга төмөнкү эрежелерди так сактоону эскертет:

— ӨКМден берилген шашылыш билдирүүгө, аба ырайы тууралуу маалыматка өзгөчө көңүл буруу;

— Тоолуу унаа жолдордо унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймылы чектелиши зарыл;

— Кышкы дөңгөлөктөр болуусу шарт;

— Күрөк, чынжырча, аптечка болуусу зарыл.

Өзгөчө кырдаалга кабылгандар 112 кызматына чалып жардам сурай алат.