Радио

Бакеев: китепканалар да өз алдынча инвестиция тарта алат

Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин Маданий мурастарды сактоо жана өнүктүрүү башкармалыгынын башкы адиси Ринат Бакеев аймактарды өнүктүрүү жылына карата өлкөдөгү китепканаларга инвесторлорду тартуу демилгеси колго алынып жаткандыгын айтты.
Sputnik
Бакеев: китепканалар да өз алдынча инвестиция тарта алат

Китепканалар да өз алдынча инвестиция тарта алат. Учурда республикалык, облустук жана райондук деңгээлдеги китепканалар демилгени ишке ашырууда. Бул тууралуу Ринат Бакеев Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, республикалык эки, облустук бир китепкана өздөрүндө АКШ жана Россиянын китеп бурчтарын ачып, бул өлкөлөр тарабынан керектүү техникалар менен жабдылган.

"Китепканалар да өз алдынча демөөрчүлөрдү тарта алышат. Мисалы, эки республикалык деңгээлдеги китепкана АКШнын китеп бурчтарын ачышкан. Ошондой эле Чүй облусунда бир китепкана Россиянын китеп бурчун тузүп, окурмандарга сунуштап келет. Алар аталган өлкөлөрдүн элчиликтерине атайын долбоор жазышкан. Анын негизинде каражат бөлүнүп, китепканага керектүү техникалык жабдуу же эмерек менен камсыз болушкан. Ал эми элчиликтер бул китепканаларда китеп, гезит-журналдардан турган маалыматтык бурч уюштурушкан. Мындай иштерди бардык эле китепканалар жасаса болот", — деди Бакеев.

Ал айыл жериндеги китепканаларга жергиликтүү ишкерлер же жөн гана китеп сүйүүчүлөр да инвестор боло аларын кошумчалады.