БИШКЕК, 22-ноя. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Жээнчороев укук коргоо органдарынын ишкерлердин бизнесине кийлигишүүсү көмүскө экономиканы пайда кылып, аны гүлдөтүп жатканын парламенттин жалпы жыйынында билдирди.
Анын айтымында, Кыргызстанга чет жактан тикелей келген инвестициянын көлөмү акыркы үч жылда бир топ төмөндөп кеткен.
"Бизде ички дүң продукция дагы түшүп баратат. Тике инвестициялар былтыркы жылдын алты айына салыштырмалуу 33 пайызга төмөндөп кетти. Өлкөгө 247 миллион доллар тикелей инвестиция келсе, анын 206сы Кыргызстандан кайра чыгып кеткен. Эгерде чет элдик тикелей инвестиция боюнча акыркы үч жылдын көрсөткүчтөрүн алсак, 2015-жылы 1,6 миллиард доллар болсо, 2016-жылы 814 миллион доллар, 2017-жылы 617 миллион долларды түздү", — деди ал.
"Каржы полициясы экономиканын коопсуздугун коргобой эле, көптөгөн ишкерлерге кийлигишип жатканын алар өздөрү кайрылып айтып жатышат. Андан сырткары, саясий негизди көздөп кеткен учурлардын болушу капа кылат. Булар мамлекетибиздин экономикасын оңдоого жардам бериштин ордуна кайра бөгөт коюп жатат", — деди эл өкүлү.
Депутат укук коргоо органдарынын ыксыз текшерүүсү менен кийлигишүүсүнө коомчулук да, ишкерлер да нааразы экенин айтты.