Жалал-Абадда бөбөктөрдү урган тарбиячыга кылмыш иши козголду

Окуядан кийин бала бакчанын директоруна сөгүш берилип, тарбиячы менен бала багуучу кыз иштен айдалды.
Sputnik

БИШКЕК, 22-ноя. — Sputnik. Бөбөктөргө кол көтөргөн бала бакчанын тарбиячысына карата кылмыш иши козголду. Бул туурасында Жалал-Абад ОИИБдин маалымат кызматынан билдиришти.

Буга чейин Жалал-Абад шаарындагы №21 "Искора" бала бакчасынын тарбиячысы наристелерге орой мамиле кылып, бирөөсүн башка чапкан видео жарыяланган. Окуя дүйшөмбү күнү болгону аныкталды.

"Калаа тургуну Дилфуза Жаратова өзүнүн 3 жаштагы кызын тарбиячысы уруп койгондугу боюнча Жалал-Абад шаардык милициясына кайрылды. Арыз "Денеге залал келтирүү" фактысы катары катталып, 161-берене ("Жашы жетпегенди тарбиялоо боюнча милдеттерди аткарбоо") боюнча кылмыш иши козголду", — деп айтылат маалыматта.

Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат. Окуядан кийин бала бакчанын директоруна сөгүш берилип, тарбиячы менен бала багуучу кыз иштен айдалды. Ата-энелер мындай көрүнүш ал жерде байма-бай кайталанарын, балдары кээде көгала болуп келерин айтышууда.