Айына 100 миң сомдой керек, экобаштык алыңыздар! Ракка чалдыккан аялдар кайрылды

Борбор калаанын Киев көчөсүндө жайгашкан "Илбирс" имаратынын 4-кабатында онкологиялык ооруга чалдыккан аялдардын анча чоң эмес цехи бар. Ал жакта рак илдетине кабылган кыз-келиндер, аялдар экобаштык тигип сатышат.
Sputnik

Түшкөн акча өздөрүнүн химиотерапиясына, дары-дармегине жумшалат. Бирок бир процедура эле 50 000 сомдон өйдө болгондуктан, бул каражатты оорукчан аялдар үчүн чогултуу оңой эмес.

Коркунучтуу илдет менен күрөшүп жаткан аялдардын жумушу менен Sputnik Кыргызстан агенттиги таанышып келди.

Өтө эле тар бөлмөдө беш аял кыбырап баштык тигип отурушат. Арасында улгайгандары, 30га чыга элек жаштары да бар. Бул жер жөн гана цех эмес, "Курдашым" коомдук фондусунун кеңсеси. Жетекчиси Шайырбү Сагынбаеванын айтымында, тагдырлаш аялдар бири-бирин моралдык жактан да, материалдык жактан да колдоо үчүн ушул уюмга чогулушкан.

"Курдашым" "Биз ракка каршыбыз" уюмунун алдында, анын жетекчиси Гүлмира Абдразакованын арты менен түзүлгөн. Рак илдетине кабылгандар бир жагынан ооруса, бир жагынан каражат таппай жатып эси оойт. Акчасы барлар айыгып кетиши мүмкүн, каражаты жоктор көзү өтүп кетип жатат. Анткени химиотерапия Кыргызстанда аябай кымбат. Коңшу мамлекеттерде, ошол эле Тажикстан, Казакстанда бул процедура акысыз", — деди Сагынбаева.

Швейный цех, где трудятся женщины, страдающие онкологическими заболеваниями

Анын айтымында, каражаттын жоктугунан айрым бейтаптар дарылануудан баш тартып коет.

"Жакында эле Гүлүм деген кыздын тагдырын көрүп аябай жаман болдум. Ал төрт химиясын алгандан кийин акчасы жетпей, "үй-бүлөмдү кыйнабайын" деп дарылануудан баш тартып коюптур. Азыр биз ага колдоо көрсөтүп, ушул экобаштыктан түшкөн акчаны чогултуп берип жатабыз. Коомдук фонд дарыланууга акчасы жок кыз-келиндерди чогулттук. Каражат чогулган сайын улам бирөөнүн химиясына кезектешип беребиз. Бир эле химиотерапия 50 000 сомдон өйдө, майда-чүйдө дарыларын эсептесек 80 000 миңге чыгып кетет", — деди Сагынбаева.

Швейный цех, где трудятся женщины, страдающие онкологическими заболеваниями

Коомдук фонддун мүчөлөрүнүн айрымдары илдеттен дарыланып, оор учурун артта калтырса, кээ бири учурда дарт менен күрөшүп жаткан кези. 28 жаштагы Алина Алмаз кызы асман чапчыган химия терапияга акча таппай убара. Ал буга чейин онкологияык ооруканада медайым болуп иштесе, азыр илдетинен улам ал жакка бара албайм дейт.

"Медайым болуп иштесем деле болот. Бирок ооруган адам бир күн жакшы жүрсө, экинчи күнү төшөктөн тура албай калат экен. Дарылары күчтүү, кымбат. Медайымдын акчасы эч нерсеге арзыбайт. Анын үстүнө ооруган адамды өзүңө окшогон эле киши түшүнөт, ошондуктан өзүмдү алаксытып ушул жерде тагдырлаш адамдар менен иштеп жатам. Биздин сумкалар экологиялык жактан таза жана мээрим менен тигилген", — деди Алмаз кызы.

Швейный цех, где трудятся женщины, страдающие онкологическими заболеваниями

"Курдашымдын" колунан жаралган экобаштыктын баасы 800 сом. Бир кыздын химия терапиясына каражат чогултуу үчүн мындай баштыктан 100гө чукулун тигип сатыш керек. Бирок бейтаптар бир күнү жумушка чыкса, эртеси төшөктөн тура албай калышат. Илдет ушундай түшүнүксүз",- дейт 38 жаштагы Керээз.

"Бул каражатты, убакытты талап кылган коркунучтуу дарт экен. Аны ооруган адам жалгыз жеңе албай турганына көзүм жетти. Дарт менен бир жылдан бери алышып келе жатам, эки жолу операция жасаттым. Туугандарым, кесиптештерим көмөктөштү. Бирок алардын да азыр акча берүүгө дарамети калбай калды. Мындан улам фондго кайрылып, оорусам да арга жок иштеп жатам. Апам болсо менин оорумду уга элек. Көзү начар көрөт, укса ыйлап атып сокур болуп калабы деп корком", — деди ал.

Швейный цех, где трудятся женщины, страдающие онкологическими заболеваниями

Фонддун мүчөлөрү коомдук иш-чараларга активдүү катышып, дайыма позитивдүү маанайда жүргөндү жактырышат. Алар кейибейт, сынбайт. Жараткандын берген сыноосун баары тең кабыл алып, аны менен күрөштү уланта беришерин белгилеп кетишти.