Австралияда 18 жаштагы бийкеч кыздык белгисин аукционго койду

Ал талап кылган сумма ипотеканы жабуудан тышкары ЖОЖдогу окуусун төлөөгө жана унаа сатып алууга жетет.
Sputnik

БИШКЕК, 22-ноя. — Sputnik. Сидней шаарында жашаган 18 жаштагы кыз ата-энесинин ипотекасын төлөө үчүн өзүнүн кыздык белгисин 100 миң Австралия долларына (5 миллион сомдон көбүрөк — ред.) сатууга кам көрүп жатат. Бул тууралуу The Sun басылмасы жазды.

Маалыматка караганда, бул сумма ипотеканы жабуудан тышкары, кыздын ЖОЖдогу окуусун төлөөгө жана унаа сатып алууга жетет.

Кыз өз чечими тууралуу маалыматты жайгаштырууга ылайыктуу ресурс таап, ага өзүнүн талаптарын жазды.

"Менин "алгачкы жигитим" болгусу келген эркектин курагы жана келбети маанилүү эмес. Эң негизгиси мага жардамга муктаж аялзатына колунан келгенин аябаган мырзалар жагат. Өзүмдүн "актыгымды" далилдеш үчүн медиктердин маалымкатын көрсөтөм. Ага ишенбеген талапкер мени өзү каалаган адисине алып барып текшертсе болот", — деп жазды ал.

Түштүк Суданда 17 жаштагы кызды ата-энеси 500 уй менен үч автоунаага сатты
Жардамга муктаж болгон кыз өзүнүн жоругу тууралуу ата-энесине айтпай турганын билдирген. Ал эми акчанын дайын-дарегин сурагандарга "жумуш таптым" деп жооп берем деп пландап жатат.

Ал жарыясын илери менен бир эмес, эки кардар табылган. Бирок экөө тең сараңыраак болуп чыкты. Анткени бири 10 миң гана Австралия долларын сунуштаса, экинчиси бааны 1 миң доллардан көтөрбөй койду.