БИШКЕК, 22-ноя. — Sputnik. Ички иштер министрлиги экс-президент Алмазбек Атамбаевдин КСДПнын президенттик шайлоо алдындагы штабынын бухгалтери өмүрүнө коркунуч жаралганы үчүн сыртка чыгып кетти деген билдирүүсү боюнча фактыны териштире баштады. Бул тууралуу ведомствонун маалымат кызматынан кабарлашты.
Буга чейин Атамбаев "Апрель" телеканалына берген маегинде Сооронбай Жээнбековдун шайлоо өнөктүгүнө жумшалган каражаты боюнча жарыяланган документ интернетке тарагандан кийин штабдын бухгалтери өз өмүрү үчүн коркуп сыртка чыгып кеткенин айткан.
ИИМ укук коргоо органдары ар бир сигналга, айрыкча адамдын коопсуздугу жөнүндө сөз козголгондо реакция кылууга милдеттүү экенин эскертти. Текшерүү учурунда бухгалтер 11-ноябрда, тагыраагы, документ жарыяланардан төрт күн мурун чет өлкөгө чыгып кеткени белгилүү болгон. Мындан сырткары, 19-ноябрда экс-президенттин интервьюсу көрсөтүлгөндөн кийин бухгалтердин баласы дагы сыртка чыгып кеткен. ИИМ бул маалыматтарды Чек ара кызматынан алганын белгиледи.
Ведомство КСДП штабынын бухгалтеринен өмүрүнө коркунуч жаралгандыгы боюнча маалымат берүүнү өтүнөт. Эгер ал мекенге кайтып келсе, милиция анын коопсуздугун камсыздап берүүгө даяр экенин айтты.