Президент КРдин азыркы жана мурдагы жарандары боюнча жарлыкка кол койду

Жарандык алгандардын баары этникалык кыргыздар.
Sputnik

БИШКЕК, 21-ноя. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын жарандыгына кабыл алуу жана андан чыгаруу боюнча эки Жарлыкка кол койгонун өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Биринчи документке ылайык, 331 адам КР жарандыгын алды. Анын 286сы — чоң адамдар болсо, 45и — балдар. Булардын баары тарыхый мекенине кайтып келген этникалык кыргыздар экени айтылат.

Ал эми экинчи Жарлык боюнча 364 адам жарандыктан чыкты. Анын 305и — чоң кишилер болсо, 59у — балдар болуп эсептелет.