КСДП партиялык билеттерди алмаштырарын айтып, депутаттарды ойлонууга чакырды

Расмий өкүл партиянын ичинде бөлүп-жаруучулук байкалганын айтууда.
Sputnik

БИШКЕК, 21-ноя. — Sputnik. КСДП мүчөлөрүнүн партиялык билеттери алмаштырылат, башкача айтканда, эски үлгүдөгү билеттер жокко чыгарылып жаңысы берилет. Бул туурасында Социал-демократтар партиясынын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева билдирди.

Ал партиянын ичинде бөлүп-жаруучулук байкалганын айтууда.

"Бул партияны тазалоого багытталган мыйзам ченемдүү көрүнүш. Жакында партиялык билеттерди алмаштыруу башталып, мөөнөтү бир нече айга созулат. Ал аралыкта партиянын мүчөлөрүнө ойлонууга жетишерлик убакыт берилет. Партиядан байланышты үзүп койгон депутаттар жакшылап ойлонуп келе алат", — деди Жолдубаева.

Атамбаев мындан кийинки кадамдары тууралуу айтты
Ошондой эле ал КСДП лидери Алмазбек Атамбаев башында турган атайын жумушчу топ партиянын стратегиясы жана өлкөнү өнүктүрүү боюнча программалык документин иштеп жатканын кошумчалады. Мындан сырткары, 2019-жылдын 6-апрелинде өтө турган курултайды уюштуруу комитети да түзүлгөн.