Быйыл Европа биримдигинен Россияга 1 миллиондон ашык турист келген

Германиядан келген туристтердин саны башкаларга салыштырмалуу көп.
Sputnik

БИШКЕК, 21-ноя. — Sputnik. 2018-жылдын үч кварталында Россияга Европа биримдигинен 1 миллиондон ашык турист келген. Бул тууралуу "Известия" басылмасы жазды.

Туристтер үчүн эң кооптуу өлкөлөр аталды. Кыргызстан кайсы орунда?
Ага ылайык, эң көп турист Германиядан (400 миң киши), Улуу Британиядан (114 миң киши), Италиядан (106 миң киши), Франциядан (95 миң киши) жана Испаниядан (77 миң киши) келген. 2017-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу быйыл Европа биримдигинен 58 миң кишиге көп келген.

Ошондой эле ондукка Финляндия, Нидерланддар, Латвия, Австрия жана Польша кирди.