БИШКЕК, 21-ноя. — Sputnik. Борбор калаадагы 8-кичирайондун 80 жаштагы тургунунун батиринен 10 машина толо таштанды алып чыгышты. Бул тууралуу Мэриянын турак жай-коммуналдык чарба иштери боюнча адиси Жибек Каракеева кабарлады.
19-ноябрь күнү аталган кичирайондогу үйлөрдүн биринин биринчи жана экинчи кабатын суу каптаган. Көрсө суу 3-кабатта жалгыз жашаган кемпирдин батиринен агып жатыптыр. Анын эшигин ачкандар үйдүн ичи толо таштанды экенин көрүшкөн. “Тазалыктын” кызматкерлери тазалоо иштерин дүйшөмбү күнү башташкан.
Ал жерден 10 унаа таштанды чыгарылды. Үйдө жашаган аял батир эжесине тиешелүү экенин айтып, бирок ал тууралуу маалымат берген жок.
80 жаштагы бул кемпирдин 7-кичирайондо үч бөлмөлүү батири бар. Каракееванын айтымында, ал үй дагы таштандыга толгон.