Өлкөдө бир жылда канча сот иштен алынып, канчасына эскертүү берилгени айтылды

Кыргызстанда 2010-жылы башталган соттук-укуктук реформа уланууда.
Sputnik

БИШКЕК, 21-ноя. — Sputnik. КР Судьялар кеңешинин алдындагы Тартип комиссиясы тарабынан бир жылда беш судья ээлеген кызматынан бошотулуп, сегизине сөгүш жарыяланды. Бул тууралуу президент аппаратынын сот реформасы жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн жетекчиси Санжар Исабаевге шилтеме берип, өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.

Алардан тышкары, 15 судьяга эскертүү берилип, эки судьяны кылмыш жообуна тартууга макулдук берилген. Ошондой эле Исабаев судьялыкка сунушталган талапкерлердин жарымынан бир аз гана көбүрөөгү президент Сооронбай Жээнбеков тарабынан жактырылганын айтты.

"Судьяларды тандоо кеңеши КР Жогорку сотунун, анын Конституциялык палатасынын жана жергиликтүү соттордун судьясы кызматына дайындоо үчүн 89 талапкер сунушталган. Маектешүүнүн жана берилген кошумча материалдарды карап чыгуунун натыйжасында президент 51 талапкер боюнча макулдугун берди", — деди Исабаев.

Эске салсак, Кыргызстанда 2010-жылы башталган соттук-укуктук реформа уланууда.

Ал эми соттордун ишин тескөөгө алып турган Судьялар кеңешинин алдындагы Тартип комиссиясы 2017-жылдын октябрь айында түзүлгөн.